Блинкен Нетаньяху жана Аббас менен жолугушту

АКШнын Мамлекеттик департаменти Жакынкы Чыгыш сапарынын алкагында Израилге барган Блинкендин Нетаньяху жана Согуш кабинети менен жолугушуусуна байланыштуу билдирүү жарыялады.

2071449
Блинкен Нетаньяху жана Аббас менен жолугушту
blinken-abbas.jpg
blinken-netanyahu.jpg

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен өзүнчө жолугушту.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Жакынкы Чыгыш сапарынын алкагында Израилге барган Блинкендин Нетаньяху жана Согуш кабинети менен жолугушуусуна байланыштуу билдирүү жарыялады.

Билдирүүгө ылайык, Блинкен Америка Кошмо Штаттарынын Израилдин «эл аралык мыйзамдарга ылайык өзүн коргоо укугун» колдой тургандыгын билдирди.

Министр Блинкен  Израилди жарандарга зыян келтирбөө үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырды.

Блинкен Газанын түштүгүндө кандайдыр бир аскердик операциядан мурда ал жердеги жарандарды коргоо жана муктаждыктарынын эске алынышы керектигин баса белгиледи.

Жолугушууда Хамас менен туткундарды алмашуу жана Газага гуманитардык жардам жеткирүүнү тездетүү маселеси да талкууланды.

Блинкен Батыш Шериадагы Рамалла шаарында Палестинанын мамлекет башчысы Аббас менен да жолукту.

Жолугушууда Блинкен Газага гуманитардык жардам жеткирүүнү тездетүү аракеттерин талкуулады жана Батыш Шериада палестиналык жарандарга каршы экстремисттик зомбулукту айыптап, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын талап кылууну уланта турганын айтты.

Батыш Шериадагы палестиналыктардын коопсуздугун жана эркиндигин жогорулатуу үчүн чукул чаралардын зарылдыгын да билдиришти.

Блинкен ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын Палестина мамлекетин түзүү багытында конкреттүү кадамдарды жасоого умтулгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар