Сомалидеги селден жүздөн ашуун адам каза болду

Акыркы жылдарда эң катуу кургакчылыкты башынан өткөргөн Сомали жана Кения климаттын өзгөрүүсүнөн эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн арасында.

2070743
Сомалидеги селден жүздөн ашуун адам каза болду

Сомалиде эки жумага жакын убакыттан бери уланып жаткан катуу жамгыр жана селдин кесепетинен каза болгондордун саны 101ге жетти.

Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд мамлекеттик телеканалдан жарыялаган билдирүүсүндө, нөшөрлөгөн жамгыр жана селден улам каза болгондордун санынын көбөйгөнүн кабарлады.

Махмуд катуу жамгыр жана селден каза болгондордун санынын 101ге жеткенин айтты.

Селден 2,5 миллион кишинин жапа чеккенин белгилеген Махмуд, 1 миллион 100 миң кишинин жер которууга аргасыз болгонун баса белгиледи.

Селдин айынан 4 миң мал кырылып, 140 миң үйдүн да кыйрап калганын маалымдады.

Акыркы жылдарда эң катуу кургакчылыкты башынан өткөргөн Сомали жана Кения климаттын өзгөрүүсүнөн эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн арасында.

Селдерден улам Сомалинин кээ бир аймактарында «өзгөчө абал» жарыяланган.



Тектеш кабарлар