БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газада ок атышпоо күн тартиби менен чогулат

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Ван Вынбин министр Йан Инин "Израиль  -  Палестина маселеси" карала турган жыйынга жетекчилик кылуу үчүн эртең АКШнын Нью  - Йорк шаарына барарын жарыялады.

2069930
БУУнун Коопсуздук  Кеңеши Газада ок атышпоо күн тартиби менен чогулат

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Газадагы абалды карап чыгуу үчүн эртең  жогорку деңгээлде  жыйын өткөрөт.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Ван Вынбин министр Йан Инин "Израиль  -  Палестина маселеси" карала турган жыйынга жетекчилик кылуу үчүн эртең АКШнын Нью  - Йорк шаарына барарын жарыялады. 

Катчы Ван : "Кытай БУУнун Коопсуздук кеңешинин кезектешкен башкаруучусу катары Газадагы гуманитардык  кризистин жеңилдетилиши, ок атышпоонун түзүлүшү жана кагылышуулардын акырына чыгарууга карата кадамдардын ташталышы үчүн бардык тараптарды чогултуп келишим түзүүнү ойлоп жатат",- деди. 

Израиль менен Хамастын ортосунда болгон кагылышуулардын чоң жарандык жоготууларга жана гуманитардык апаатка жол ачканын  белгилеген Ван : "Эл аралык коомчулук Газадагы абалды абдан кайгылануу менен көз салууда. БУУнун Коопсуздук кеңешинин эл аралык тынчтык жана коопсуздукту коргоого карата негизги жоопкерчилигин аткарышын күтөт", - деди. 

Ван БУУнун Коопсуздук кеңеши 15 -  ноябрда кабыл алган  2712 - чечиминде "кагылышууларга гуманитардык тыныгуунун берилиши жана туткундардын бошотулушу" үчүн жасаган чакыруунун бул тууралуу ташталган кадамдарга жол башчылык кылганына көңүл буруп, тараптардын арасында ок атышпоонун колдоого алынышы жана дагы терең гуманитардык апаатты алдын алуусу керектигин баса белгиледи. 

 

 



Тектеш кабарлар