Израилдин Батыш Шериага кол салуулары тыйыла элек

Палестинанын расмий агенттиги WAFA Израиль армиясынын Женин шаарына чабуул жасаганын жарыялады.

2068820
Израилдин Батыш Шериага кол салуулары тыйыла элек

Израиль басып алган Батыш Шериадагы Женин шаарына кол салды. Израиль армиясы куралдуу учкучсуз учуучу аппарат менен менен бир үйдү атты, 5 палестиналыктын өмүрүн кыйды.

Палестинанын расмий агенттиги WAFA Израиль армиясынын Женин шаарына чабуул жасаганын жарыялады.

Женин мамлекеттик ооруканасы, Ибн Сина ооруканасы, Палестинанын Кызыл Жарым Ай борбору жана Женин качкындар лагеринин курчоого алынганы белгиленди.

Палестинанын Кызыл Жарым Айы Израиль армиясынын Жениндеги бир үйгө куралдуу учкучсуз учуучу аппарат менен кол салып, 1 кишинин каза болгонун, 4 кишинин жараланганын жарыялады.

Израиль армиясынын Женинге кол салууларынан 5 палестиналык шейит болду.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Рамаллахта 1 палестиналыктын израилдик аскерлер тарабынан шейит кылынганы белгиленди.

7-октябрдан бери Израиль аскерлери менен жөөт баскынчыларынын Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста болгон кол салууларында 237 палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар