Виталий Савельев орус авиация сектору тууралуу баа берди

Орус авиакомпаниялары  санкциялардан улам 76 жүргүнчү учагын жоготту.

2068764
Виталий Савельев  орус авиация сектору тууралуу баа берди

Россиянын Транспорт министри Виталий Савельев борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында орус авиация сектору тууралуу баа берди.

Орус авиакомпанияларынын абалынын жакшы экенин белгилеген Савельев, келерки жылы Россиянын ичиндеги каттамдар үчүн фирмаларга 25 миллиард рубль (болжол менен 280 миллион доллар) субсидия бере тургандарын айтты.

Батыш өлкөлөрүнүн орус фирмаларынын учактарына былтыр киргизген санкцияларына баа берген Савельев : "Учактарды кайтарып алуу чечимине күтүүсүздөн кармалдык. Техникалык ангарларда турган,   чет өлкөгө учууну пландап жаткан жалпысынан 76 жүргүнчү учакты жоготтук. Алага  толугу менен конфискацияланды",- деди.

Савельев белгилегендей, учурда Россияда  1167 жүргүнчү учагы бар.

АКШ  жана Европа Биримдиги 2022  -  жылы башталган Украина согушунан кийин орус авиация тармагына санкция киргизе баштады. Россияга карата учак жана учактын тетиктерин ташууга тыюу салынып, орус компанияларына учак  ижарага берген компаниялардын да сөз болуп жаткан учакты кайтарып алуу талап кылынды.

 



Тектеш кабарлар