Газага 200 жүк ташуучу унаа менен жардам жиберилди

Египет кечээ эртең менен башталган гуманитардык тыныгуунун биринчи күнүндө блокададагы Газа тилкесине жардам материалдары жүктөлгөн 200 жүк ташуучу унаанын киргенин билдирди.

2068665
Газага  200 жүк ташуучу унаа менен  жардам жиберилди

Египет кечээ эртең менен башталган гуманитардык тыныгуунун биринчи күнүндө блокададагы Газа тилкесине жардам материалдары жүктөлгөн 200 фуранын киргенин билдирди.

Египеттин басма сөз маалымат агенттигинин интернет сайтында орун алган жазуу түрүндөгү маалыматка караганда мекеменин төрагасы  Зия Рашван Газага жөнөтүлгөн жардам унаалары менен өлкөсүнө алып барылган жаралуулар тууралуу билдирди. 

Египеттин Газага гуманитардык жардам жиберилишине карата аракеттеринин улантылып жаткандыгын айткан Рашван гуманитардык тыныгуунун биринчи күнүндө  200 фура менен гуманитардык жардам, 2 тез жардам унаасы, Иордания талаа ооруканасына таандык  15 фура жана Бириккен Араб Эмирликтеринин талаа ооруканасына таандык  11 фуранын Газага киргенин маалымдады. 

Рашван Газадан жараланган 17 кишинин Египетке алып келингендигин булардан  12 кишини дарылоо үчүн коштоочулары менен бирге Түркия жана Бириккен Араб Эмирликтерине  жиберилгендигин белгиледи. 

Египеттик жетекчилер  Израилдин 7 - октябрда башталган кол салууларынан улам Египетте  калган 134 палестиналыктын өз ыктыяры менен Газа тилкесине кайткандыгын билдиришти.

Изаиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларга бериле турган  4 күндүк гуманитардык тыныгуу кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат  07: 00дө күчүнө кирди. 

Хамас    23 -  ноябрда гуманитардык тыныгуунун Газанын бардык аймактарына жеткирүү үчүн күнүмдүк  200 жардам фурасы менен  4 күйүүчү май ташыган фуранын киришин камтыгандыгын жарыялаган.

Израил менен Хамастын ортосундагы келишим менен Газада башталган 4 күндүк гуманитардык тыныгуунун алкагында биринчи жолу  49 күндөн кийин  3 фура гуманитардык жардам материалы Газа тилкесинин түндүгүнө кирди.

 



Тектеш кабарлар