Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Эбу Силмиййе жана башка кызматкерлер тууралуу кабар ала албай жата

ДССУ Израиль армиясынын 15 -  ноябрда тинтүү жүргүзгөн Шифа ооруканасындагы бейтаптардын биргелешкен БУУнун миссиясы тарабынан эвакуацияланышына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

2068710
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Эбу Силмиййе жана башка кызматкерлер тууралуу кабар ала албай жата

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму (ДССУ) Израиль тарабынан камакка алынган Газадагы Шифа ооруканасынын директору Эбу Силмиййе да болгон төрт медициналык кызматкердин абалу тууралуу маалымат ала албагандарын билдирди.

ДССУ Израиль армиясынын 15 -  ноябрда тинтүү жүргүзгөн Шифа ооруканасындагы бейтаптардын биргелешкен БУУнун миссиясы тарабынан эвакуацияланышына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди. 

Шива ооруканасында абалы оор бейтаптардын катуу кагылышуулар болгон коркунучтуу чөйрөдөг эвакуациялангандыгы белгиленген билдирүүдө : "22 -  ноябрда Палестина Кызылайы менен кызматташуу ичинде болгон ДССУ Газанын түндүгүндөгү Шифа ооруканасынан  151 бейтап, алардын туугандары жана медициналык кызматкерлерди өткөрүү үчүн БУУнун дагы бир биргелешкен миссиясына кошулду",- деп айтылды. 

Билдирүүдө эвакуациянын  20 саатка созулгандыгы,  бул убакытта Израиль армиясынын эвакуация конвоюн  көзөмөлдөө пунктунда 6 саат күткөндүгү жана тинтүү жүргүзгөндүгү белгиленди. 

Израиль күчтөрү камакка алган медициналык  кызматкерлеринин экөөсүнүн бошотулгандыгы белгиленген билдирүүдө : "Шифа ооруканасынын директору да болгон калган төтр  кызматкердин абалы тууралуу маалыматыбыз жок",- деп айтылды. 

Европа  -  Жер Ортолук деңиз адам укуктары боюнча укук коргоо уюму (Euro-Med HRM) Израиль армиясынын Шифа ооруканасынын директору  Силмиййенин качырылышында ДССУнун билип же билбестен роль ойногон болушу мүмкүн деген кабардан тынчсыздангандарын билдирди.

Euro-Med HRM социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө  : "Израиль армиясы  бейтаптар жана медициналык кызматкерлер болгон конвойду 7 сааттан ашык токтотуп, аларга орой мамиле жасап, айрымдарын, анын ичинде Шифа ооруканасынын директорун камакка алды. Бул ДССУнун аларга Газанын түштүгүнө коопсуз өтүүнү убада кылгандан кийин болду.  Бул маселе боюнча тез арада иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылабыз",- деп айтылган. 


 



Тектеш кабарлар