Израиль армиясы Ливанга ак фосфор бомбасы менен кол салды

Ливандын расмий агенттиги NNAдагы кабарга караганда, Израиль күчтөрү Ливандын Мейс ел-Жабел жергесин ак фосфор бомбасы менен бутага алды.

2068443
Израиль армиясы Ливанга ак фосфор бомбасы менен кол салды

Израиль армиясынын Ливандын түштүгүндөгү чек ара аймагына ак фосфор бомбасы менен кол салганы билдирилди.

Ливандын расмий агенттиги NNAдагы кабарга караганда, Израиль күчтөрү Ливандын Мейс ел-Жабел жергесин ак фосфор бомбасы менен бутага алды.

Израиль армиясы ошондой эле чек ара аймагында жайгашкан Решафи жергесин, Алма аш-Шааб, Междел жана Тейр Харфа шаарчаларынын айланасын да артиллериялык куралдар менен аткылады.

Хизбулла да акыркы 24 саатта Израилдин 18 аскерий пунктуна кол салды.

Хизбулланын билдирүүсүндө: «Израилдин Йифтах, Эль-Маликийе, Биркет Риша, Зирят, Эр-Рахиб, Бустан, Жал-ал-Алам жана Рамия аскердик пункттарына «башкарылган ракеталар жана тийиштүү куралдар менен таамай» сокку урулганы белгиленди.

"Хизбулла" буга чейин Израилдин 10 аскерий пунктунун бутага алынганын жарыялаган.

8-октябрдан бери Израиль армиясы менен Хизбулланын ортосундагы кагылышууда 85 Хизбулла мүчөсү жана 6 израилдик аскер каза болду.



Тектеш кабарлар