Ирактан Түркияга мунай экспорту
Ирактын премьер-министри өлкөсүнө барган энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактарды кабыл алды.
2067718
Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа аль-Судани Түркияга мунай экспортун кайра баштоо үчүн чечим табууга даяр экендиктерин айтты.
Ирактын премьер-министри өлкөсүнө барган энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактарды кабыл алды.
Судани жолугушууда өлкөсүнөн Түркияга мунай экспортун кайра баштоо үчүн чечим табууга даяр экендиктерин билдирди.
Министр Байрактар болсо Ирактын бир гана Түркия үчүн эмес бүткүл Европа үчүн өзгөчө энергетика тармагында маанилүү өлкө экенин белгиледи.
Байрактар Багдадга сапарынын алкагында Ирактын мунай министри Хайян Абдулгани менен делегациялар аралык жолугушуу өткөрдү.