Газадагы гуманитардык тыныгуу эртең башталат
Газада Израиль менен Хамастын ортосундагы убактылуу гуманитардык тыныгуу процессинин эртең жергиликтүү убакыт боюнча саат 07.00дө (Түркия убактысы боюнча 08.00) башталары жарыяланды.
2068188
Газада Израиль менен Хамастын ортосундагы убактылуу гуманитардык тыныгуу процессинин эртең жергиликтүү убакыт боюнча саат 07.00дө (Түркия убактысы боюнча 08.00) башталары жарыяланды.
Катар Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө : "Ок атышпоо жума күнү эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө башталат",- деп айтылды.
Билдирүүдө, барымтадагы аялдар жана балдар да болгон 13 израилдиктин эртең жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00дө Газадан чыгарыла тургандыгы жарыяланды.
Израиль менен Хамас барымтага алуу боюнча келишим түзүшкөн.
Израиль тарап израилдик 50 барымтанын бериле турганын, ал эми Хамас тараптын буга жооп катары 150 палестиналык туткундун бошотула тургандыгын билдирген.