Украинадан Орусия менен Беларуска санкция

Пезидент Владимир Зеленскийдин Радага сунуштаган мыйзам долбоору жалпы кеңеште талкууланды.

2067581
Украинадан Орусия менен Беларуска санкция

Украина парламенти (Рада), Орусия менен Беларустун коргоо өнөр жайына каршы 50 жылдык санкция чечимин бекитти.

Украин депутаты Ярислав Елезняктын социалдык тармактагы билдирүүсүнө караганда, президент Владимир Зеленскийдин Радага сунуштаган мыйзам долбоору жалпы кеңеште талкууланды.

Сессияга катышкан 304 депутаттын колдоосуна ээ болгон мыйзам долбоорунун негизинде Орусия жана Беларусь менен коргонуу тармагында ар кандай кызматташтыкка, биргелешкен долбоорлорго жана программаларга тыюу салынып, аскердик багыттагы жана кош максаттуу продукциянын импорту токтотулду.

Коргоо тармагында иштеген орусиялык жана белоруссиялык компанияларга технологияларды жана маалыматтарды берүүгө эч кандай жол берилбейт.

Украина парламенти буга чейин да Орусияга ар кандай курал-жарактарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды бергени себептүү Иранга каршы түрдүү тармактарда 50 жыл бою санкцияларды ишке ашыруу чечимин бекиткен болчу.



Тектеш кабарлар