Италия жакындарында кеме сууга чөктү

Италиянын Жер Ортолук деңизиндеги Лампедуза аралына жакындарында качкындарды ташыган кеменин чөгүшү менен 2 жаштагы бир бала каза болуп,  кеминде 8 киши дайынсыз жоголду.

2067067
Италия жакындарында кеме сууга чөктү

Италиянын Жер Ортолук деңизиндеги Лампедуза аралына жакын жерде качкындарды ташыган кеменин чөгүшү менен 2 жаштагы бир бала каза болуп,  кеминде 8 киши дайынсыз жоголду. 

Италиянын ANSA агенттигинин кабарында Тунистин Сфакес шаарынан жолго чыккан бир мигранттарды ташыган кеменин  кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 чамасында Лампедуза жээгинде чөккөндүгү, борттогу кээ бир мигранттардын  сүзүү менен кайыктарга жеткендиги кеткени белгиленди.

Окуяга Италия коопсуздук күчтөрүнүн  43 кишинин, аймактагы балыкчы кайыктары менен 2 мигранттын куткарылганы белгиленди. Маалым болгондой, 43 адамдын арасында болгон 2 жаштагы баланын куткарылгандан көп өтпөй каза болгондугу маалымдалды. 

Кабарда кеменин  53 киши менен жолго чыккандыгы жана араларында балдар да болгон кеминде  8 кишинин дайынсыз жоголгондугу билдирилди. 

Европага карата мыйзамсыз көч агымында Борбордук Жер Ортолук деңиз жолу акыркы жылдарда кыймылдуулук көзөмөлдөнгөн маршруттардын бири катары өзгөчөлөнүүдө.

Жер Ортолук деңизинен өз мүмкүнчүлүктөрү менен өткөн же  куткарылган иммигранттардын  Европада  биринчи баскан жери  Италиянын Түндүк Африкага эң жакын жери болгон Лампедуза аралы.

Жыл сайын сансыз мигрант кемелеринин оодарылышы менен же кемелерде адамдардын көп болушунан улам суусуз жана абанын жетишсиздигинен Жер Ортолук деңизден өтүүгө аракет кылып жатып каза болууда. 

 



Тектеш кабарлар