Лавров ирандык кесиптеши менен сүйлөшүү өткөрдү

Бул туупалуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен билдирилди.

2066240
Лавров ирандык кесиптеши менен сүйлөшүү өткөрдү

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиан телефон аркылуу сүйлөштү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Газа тилкесиндеги кырдаал талкууланып, учурдагы кырдаалга тынчсыздануу айтылган жыйында «тез арада ок атышууну токтотуу жана карапайым калкка тез жардам көрсөтүү зарылдыгы» баса белгиледи.

Израилдин Газаны басып алуусунда акыркы абал

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Израилдин «Палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Месжид ал- Аксага карай тынымсыз бузууларына жооп берүү» деген негизде 7-октябрдын таңында кеңири чабуулду баштаган. Израиль армиясы да Газа тилкесине катуу абадан сокку уруп, бомбалоону баштаган.

Израилде 7-октябрдагы кол салууларда 310дон ашуун аскер болгон 1200 израилдиктин каза болгондугу, 5132 кишинин жараланганы жарыяланды.

Израиль армиясынын маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери 383 аскер курман болду, алардын 62си Газа тилкесиндеги кагылышууларда, алтоосу Ливандын чек арасында набыт болгон.

Израилдин маалыматына караганда, Кассам бригадаларынын колунда 239 израилдик туткун бар.

Газа өкмөтүнүн маалыматына караганда, 7-октябрдан бери Израилдин кол салууларында Газа тилкесинде 12 миң 300 киши, анын ичинде кеминде 5 миң бала жана 3 миң 300 аял набыт болду.

7-октябрдан бери оккупацияланган Батыш Шериада жана Кудста Израиль күчтөрү менен жөөт отурукташкандардын кол салууларынан 214 палестиналык каза болду.

Израиль армиясы он миңдеген жарадар жана карапайым калк баш калкалаган Газадагы ондогон ооруканалардын кампустарын же негизги имараттарын аткылап аларды чыгып кетүүгө мажбурлады. Алар оккупация учурунда кээ бир ооруканаларды тинтишти. Кол салууларда жүздөгөн адамдар каза болуп, көптөгөн адамдар жарадар болду.



Тектеш кабарлар