Батыш Шериада провокация күч алууда...

Социалдык медиада чагылдырылган жана реакцияларды жараткан окуянын кадрлары мектепке чабуул койгон отурукташкандарга каршылык көрсөткөн палестиналык бир жаран тарабынан тартылган.

2063573
Батыш Шериада провокация күч алууда...

Оккупацияланган Батыш Шерианын түштүгүндөгү Эл Халил шаарында израилдик аскерлер тарабынан ачылган октун натыйжасында бир киши каза болду.

Палестинанын мамлекеттик телеканалында жарыяланган кабарга караганда, таксист болуп иштеген 50 жаштардагы бир киши унаасын айдап баратып октон каза болгон.

Палестинада жайгашкан Шихаб кабар агенттиги да өлтүрүлгөн палестиналыктын Иса Али Абдулмуним экенин билдирди.

Башка жагынан,куралчан жана беткапчан жөөт отурукташкандары басып алынган Батыш Шериадагы Эл Халил шаарына караштуу палестиналыктардын бир айылындагы мектепке тинтүү жүргүзүштү.

Социалдык медиада чагылдырылган жана реакцияларды жараткан окуянын кадрлары мектепке чабуул койгон отурукташкандарга каршылык көрсөткөн палестиналык бир жаран тарабынан тартылган.

Видеолорду жана сүрөттөрдү бөлүшкөн Израилдин укук коргоочу уюму Йеш Диндин маалыматына караганда, беттерине бет кап тагынган, Америкадан чыгарылган М16 үлгүсүндөгү мылтыктарды көтөрүп, аскердик форма кийген эки жөөт отурукташуучу Эл Халилдин Месафир Ятта аймагындагы Тувани мектебине кол салышты.

Мектепте куралсыз палестиналык имараттан Палестинанын желегин алып салууга аракет кылган отурукташкандарга кайраттуулук менен жооп кайтарып, аларды кууп чыкканы байкалды.

Израилдик аскерлер келгенден кийин куралдуу отурукташкандар мектепти таштап кетишкен.

Израиль күчтөрү да Батыш Шериада 50 палестиналыкты кармады.
Палестиналык туткундар коомунун билдирүүсүндө Израиль күчтөрүнүн Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста палестиналыктарды кармоо операцияларын улантканы белгиленди.

Маалыматта бул операцияларда 50 палестиналыктын кармалганы, кармалгандардын Эл Халил, Кудс, Рамалла, Жерихо, Наблус жана Женин шаарларынан экени белгиленди.

Билдирүүдө 7-октябрдан бери Израиль күчтөрү тарабынан камоого алынган палестиналыктардын санынын 2520га жеткени белгиленди.

Бир тараптан Палестинанын Тышкы иштер министрлиги Израилдик баскынчылардын Батыш Шериада палестиналыктарга каршы провокацияларынын көбөйүшүнө көңүлдөрдү бурду.

Министрликтин билдирүүсүндө провокацияларга Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху жана ашкере оңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир жооптуу экени баса белгиленди.

Билдирүүдө эл аралык коомчулукту провокацияларды токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар