Колумбияда көмүр шахтасында жарылуу болду

Жарылуудан 3 адам каза болду.

2063197
Колумбияда  көмүр шахтасында жарылуу болду

Колумбияда Сантандер административдик аймагынын Ландазури шаарындагы көмүр шахтасында газдын топтолушуна байланыштуу жарылуу болду.

Издөө - куткаруу топтору 3 шахтердун сөөгүн табышты.

Сантандердин тобокелдиктерди башкаруу кеңсесинин менеджери Фабиан Варгас билдирүүсүндө дагы 2 шахтердун  урандылардын астында калганын билдирди.

 

Аймакка көп сандаган жарандык коргонуу, полиция жана шахтерлордон турган ыктыярдуу уюмдар жөнөтүлдү.

Жергиликтүү маалымат каражаттарында чыккан кабарларда көмүр шахтасынын мыйзамсыз экендиги айтылып, жабуу боюнча мыйзамдуу чечим чыгарылгандыгы билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар