Бразилияда Палестинага колдоо үчүн жөө жүрүш болду

Бразилия полициясынын топтон айрым кишилерди камакка алууга аракет кылышы менен коопсуздук күчтөрү менен  жүрүшкө чыккандардын арасында кагылышуу чыкты.

2063201
Бразилияда Палестинага колдоо үчүн жөө жүрүш болду

Бразилияда жүздөгөн киши Израилдин Газага кол салууларына каршылык көрсөтүү жана Палестинага колдоо көрсөтүү үчүн Америка Кошмо Штаттарынын консулдугуна жөө жүрүш жасады.

Рио-де-Жанейродо чогулган жүздөгөн палестиналык колдоочулар колдорунда Палестинанын желектери менен АКШ консулдугуна барышты жана ал жерде кызыл түскө боёлгон   Израиль менен АКШнын желектерин өрттөштү.

Бразилия полициясынын топтон айрым кишилерди камакка алууга аракет кылышы менен коопсуздук күчтөрү менен  жүрүшкө чыккандардын арасында кагылышуу чыкты. 

АКШ консулдугуна жакындоону калаган митингчилерге кийлигишкен полиция топту таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Калың топ Палестинага колдоо ураандар менен жүрүп, Израилдин кол салууларына каршылык көрсөттү.

Борбор шаар Бразилия, Сан - Паулу жана Рио - де - Жанейродо 5 -  ноябрда чогулгандар Израилдин Газага кол салууларына нааразычылык билдирген. Хамастын  аскердик канаты Кассам бригадалары 7 -  октябрда Израилге "Акса топону" аттуу кенен кол салуу баштагандыгын жарыялаган. Израиль армиясы да буга жооп катары аскердик учактар менен Газа тилкесине  "Темир кылычтар" операциясын баштагандыгын билдирген. 

 

 

 



Тектеш кабарлар