Гутерриш: "Газада миңдеген балдар каза болду"

Гутерриш «Reuters Next» аттуу иш-чаранын алкагында уюштурулган программанын коногу болду.

2062351
Гутерриш: "Газада миңдеген балдар каза болду"

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш, Газада кыска убакытта миңдеген баланын өлтүрүлгөнүн билдирип: «(Израилдин) аскердик ыкмасында ката бар экени анык»,- деди.

Гутерриш «Reuters Next» аттуу иш-чаранын алкагында уюштурулган программанын коногу болду.

Хамас тарабынан барымтага алынган адамдардын «дароо жана шартсыз» бошотулушу керектигин белгилеген Гутерриш, ушул алкакта Катар сыяктуу таасирдүү өлкөлөр менен байланыштын уланып жатканын айтты.

Гутерриш Газага гуманитардык жардамдын жетүүсүнүн маанилүү экенин, мурда бир күндө 500 гуманитардык фура кирген болсо, учурда 18 күндө 630 гана фуранын киргенин кабарлап: «Ушул убакка чейин өтө аз жардам көрсөтүлдү жана өтө кеч болуп калды»,-деди.  

Газага күйүүчү майдын кирүүсүнө дагы эле уруксат берилбегенин баса белгилеген Гутерриш суу, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыз кылуунун абдан көйгөйлүү экенин айтты.

Гутерриш «Газадагы гуманитардык абалдын апаат деңгээлинде экенин» билдирип, бардык тараптардын эл аралык гуманитардык укукту урматтоосу керектигине көңүл бурду.

БУУнун кагылышууларда каза болгон балдар боюнча жыл сайын отчет жарыялаганын эске салган Гутерриш: «Кагылышууларда бир жылда жүздөгөн бала каза болду деп айтылчу. Газада кыска убакытта миңдеген бала өлтүрүлдү. (Израилдин) аскердик ыкмасында ката бар экени анык»,-деди.

Антониу Гутерриш гуманитардык ок ​​атышпоо түзүлүп, согуш мыйзамдарына баш ийүү керектигин баса белгиледи.

Газадагы кол салууларда каза болгон БУУнун кызматкерлеринин санынын 92ге жеткенин да маалымдаган Гутерриш, кызматкерлер үчүн коопсуз чөйрөнү камсыз кылуунун мүмкүн эместигин билдирди.

Гутерриш БУУнун Газада келечекте кандай роль ойной турганына мүчө мамлекеттердин чечим чыгара аларын айтты.



Тектеш кабарлар