Иран: «АКШ ок атышууну токтотууну каалагандыгы тууралуу билдирүү жөнөттү»

Иран министри: «Биз АКШнын мүмкүн болушунча тезирээк саясатын өзгөртүп, баскынчы тарапты (Израиль) колдобошун үмүттөнөбүз»,-деп айтты.

2061255
Иран: «АКШ ок атышууну токтотууну каалагандыгы тууралуу билдирүү жөнөттү»

Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Газа тилкесинде ок атышууну токтотууну каалагандыгы тууралуу билдирүү жөнөткөнүн айтты.

Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАга караганда, Абдуллахиан борбор шаар Тегеранда басма сөзгө берген маалыматында: «Америкалыктар акыркы үч күндө ок атышууну токтотууну каалагандарын, бул жаатта кадамдарды жасап жатышканын кабарлаган билдирүү жөнөтүштү, бирок чындыгында Газадагы массалык кыргынды жана геноцидди колдоп жатышат»,- деди.

Иран министри: «Биз АКШнын мүмкүн болушунча тезирээк саясатын өзгөртүп, баскынчы тарапты (Израиль) колдобошун үмүттөнөбүз»,-деп айтты.

Хамастын куралдуу канаты Изз ад-Дин аль-Кассам бригадалары Израилдин палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Акса мечитине карай тынымсыз мыйзам бузууларына жооп кайтаруу иретинде 7-октябрдын таңында кеңири чабуулду, Израиль армиясы да Газа тилкесин абадан бомбалоону баштаган.

Израиль Газадан жасалгана кол салууларда 315и аскер 1400дөн ашуун израилдиктин каза болгонун, 5132 кишинин жараланганын жарыялаган.

Израилдин айтымында, Газа тилкесинде 31-октябрдан берки кагылышууларда каза болгон аскерлердин саны 30га жетти, ал эми Кассам бригадаларынын колунда 242 израилдик туткун бар.

Израилдин Газага карай кол салууларында болсо көбү балдар жана аялдардан турган 10 миңден ашуун палестиналык каза болуп, кеминде 25 миң киши жараланды.

Батыш Шериа жана Кудста да Израиль аскерлери жана жөөт тургундар 159 палестиналыкты өлтүрүштү.



Тектеш кабарлар