Япониянын тышкы иштер министри Камикава Йоконун билдирүүсү

Йоко G7нин тышкы иштер министрлеринин жыйынында Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаалды жакшыртуу темасынын “биринчи приоритет” болорун айтты.

2061578
Япониянын тышкы иштер министри Камикава Йоконун билдирүүсү

Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлери Япониянын кожоюндугунда 7-8-ноябрда борбор калаа Токиого чогулат.

Тышкы иштер министри Камикава Йоконун жетекчилигиндеги жыйынга, топтун берки мүчөлөрү Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Канада, Германия, Италия, Англия жана Франциянын тышкы иштер министрлеринин катышуусу күтүлүүдө.

Жыйында Израилдин Газа тилкесине кол салуулары, Орусия-Украина кризиси, энергетика жана климат көйгөйлөрү каралат.

Министрлер Кытайдын Азия-Тынч океан геосаясатындагы таасиринин күчөшү жана Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программасынын акыркы абалын да талкуулашат.

"Эркин жана ачык Индо-Тынч океан" кызматташтыгына басым жасала турган жыйындан кийин талкууланган маселелерди камтыган декларация жарыяланат.

G7нин 2023-жылдагы кезектешкен төрагалыгын жүргүзүп жаткан Япония жылдын биринчи G7 тышкы иштер министрлеринин жыйынын апрель айында Нагано аймагынын Каруизава шаарында өткөргөн.

Ал арада Япониянын тышкы иштер министри Камикава Йоко G7нин тышкы иштер министрлеринин жыйынында Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаалды жакшыртуу темасынын “биринчи приоритет” болорун айтты.

Кесиптештерин Токиодо тосуп алууга даярданган министр Камикава, Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын күн тартибинде Газа тилкесиндеги гуманитардык абал, Орусия-Украина согушу жана Индо-Тынч океан аймагындагы жагдайлардын бар экенин билдирди.

Газа тилкесиндеги абалдын тынымсыз өзгөрүп, чыңалуунун күчөгөнүн белгилеген Камикава, Чоң жетиликтин жыйынында кесиптештери менен Жакынкы Чыгыштагы абалды терең талкуулоону пландап жатканын маалымдады.

Израилдин Газадагы күчөгөн кол салууларына байланыштуу Камикава, Япония катары Израиль армиясынын кол салууларына укуктук баа берүүдөн алыс тургандарын белгилеп: «Бейкүнөө жарандарга кол салуулардын эл аралык гуманитардык укуктун негизги принциптерин бузганын жана муну актоого болбойт деп эсептейбиз»,- деди.

Өлкөсүнүн, бардык тараптарды тынымсыз эл аралык укукка ылайык иш-аракет кылууга чакырганына көңүл бурган Камикава, гуманитардык абалдын жакшыртылышын «эң маанилүү приоритет» деп сыпаттады.

Жакынкы Чыгыштагы кагылышуулардын көбөйүшүнүн Чоң жетиликтин Украинага колдоосуна таасир этпей турганын айткан Камикава, жыйында Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен видео жолугушууну пландагандарын билдирди.

Камикава: «Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп баратса да, биздин Орусияга каршы катуу санкцияларды сактоо жана Украинага болгон күчтүү колдообуз өзгөргөн жок»,- деди.



Тектеш кабарлар