Израилдин Газага кол салуулары уланууда

Израилдин 24 сааттын ичинде Жибалия качкындар лагерине экинчи кол салуусунда каза болгон, жараланган жана дайынсыз жоголгондордун саны 1000ге жеткени билдирилди.

2059166
Израилдин Газага кол салуулары уланууда

27 күндн бери Израиль кол салуусу астындагы Газа тилкесинде каза болгон адамдардын саны күн сайын көбөйүүдө. 

Аймактагы Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин кол салууларында 3 миң  760 бала, 2 миң 326 аял каза болуп,  9 миң  61 кишинин каза болгондугун билдирди. 

Израилдин 24 сааттын ичинде Жибалия качкындар лагерине экинчи кол салуусунда каза болгон, жараланган жана дайынсыз жоголгондордун саны 1000ге жеткени билдирилди.

Израилдин аскердик учактарынын Газанын Наср районундагы Аль Шарк наабайканасын бомбалоосунун натыйжасында нан алуу үчүн күтүп турган 20 киши каза болду.

Бир тараптан Йеменде айрым аймактарда башкарууну кармап турган хусилер  көп сандаган учкучсуз учуучу аба аппаратын  Израилдин райондорундагы бир нече бутага карай аткандарын жарыялады.

Хусилердин аскердик катчысы  Яхя Сери Газадагы Израиль кол салуулары токтогонго чейин аскердик операцияларынын улантыларын  айтты. 

Ливандагы Хизбуллах болсо Израилге таандык куралдуу учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүргөндүгүн билдирди. 

Ошол эле учурда Хамастын куралдуу канаты Аль - Кассам бригадалары Газадагы чет элдик туткундардын айрымдарынын жакын арада бошотула турганын жарыялады.

Газанын дүйнөгө ачылган бир гана капкасы  болгон Египет чек арасындагы Рефах капкасы чектелген негизде ачылды. Чет элдиктер жана жаралуурадан  турган биирнчи топ   чек арадан өттү. Израилдин кол салууларында жараланган газалыктар да дарылануу үчүн тез жардам унаалары менен Рефах чек ара капкасынан Египетке жеткирилди.

Чектүү да болсо жардам фуралары кирип жаткан газа тилкесинде 44 өлкөнүн жарандарынын бар экендиги белгиленди. 

Хамастын куралдуу канаты Изеддин аль  -  Кассам бригадалары 7 -  октябрь күнү эрте менен Израилдин Палестиналыктарга жана Месжид  - и Акса башта болгон ыйык жерлерге карата эреже бузууларына жооп кайтаруу ирээтинде  кенен кол салып, Израиль армиясы да Газа тилкесин бомбалоону баштады. 

Израилдик жетекчилер  Газадан жасалган кол салууларда 1400дөн ашуун израилдиктин, анын ичинде 315 аскердин каза болгонун жана 5132си жараланганын жарыялады. Газа тилкесиндеги кургактыктан жүргүзүлгөн операция учурундагы кагылышууда 31 - октябрдан тарта шейит болгон израилдик аскерлердин саны 17ге жеткени билдирилди.

Израиль армиясынын катчысы Даниэль Хагари Газада аль    Кассам бригадаларынын колунда израилдик 240 туткундун бар экендигин билдирди. 

Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин кол салууларында 3648и бала жана 2290у аял болгон 8796 палестиналыктын каза болгонун, 22219у жараланганын билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар