Нетаньяху : Кыйын бир согуштун ичиндебиз

Нетаньяху блокададагы Газа тилкесинде 9 израилдик аскер өлтүрүлгөндөн кийин видео билдирүү жарыялады.

2058931
Нетаньяху : Кыйын бир согуштун ичиндебиз

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кыйын согуштун ичинде  экендерин жана бул согуштун узакка созуларын билдирди.

Нетаньяху блокададагы Газа тилкесинде 9 израилдик аскер өлтүрүлгөндөн кийин видео билдирүү жарыялады.

Израилдин премьер - министри  сөзүндө Газада «өтө маанилүү жетишкендиктерге жетишти, бирок алар да  жоготууларга дуушар болушту»,-деди.

Газадагы согушту "жеңишке жетишкенге" чейин уланта тургандарын айткан Нетаньяху : "Кыйын согуштун ичиндебиз. Бул көпкө созулган согуш болот",- деди. 

Коргоо министри Йоав Галлант блокададагы Газа тилкесинде кагылышууда дагы 9 аскердин каза болушун кыйын жана  оор  сокку деп мүнөздөп, чечкиндүүлүктү талап кылган көпкө созулган жана татаал процесске даяр экендерин белгиледи.

Израиль армиясынын билдирүүсүндө Газа тилкесинде дагы 9 аскердин шейит болгону белгиленди.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7 - октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган. 

Израиль армиясы да буга карата аскердик учактар менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаткандыгын билдирген.

Күч алган чыңалуудан эки тарапта тең чоң жоготуулар болду.

 

 



Тектеш кабарлар