Кассам бригадалары Газадагы чет элдик туткундардын айрымдарын бошотоорун билдирди

Кассам бригадасынын басма сөз катчысы Абу Убейде видео кайрылуусунда Израилдин блокадасында болгон Газа тилкесинде кармалган израилдик жана чет элдик туткундар тууралуу сөз кылды.

2058774
Кассам бригадалары Газадагы чет элдик туткундардын айрымдарын бошотоорун билдирди

 

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары, туткунга алынган чет элдик жарандардын бир бөлүгүн Газада калтырууну каалабаганы үчүн ортомчуларга кабарлаганын жарыялады.

Кассам бригадасынын басма сөз катчысы Абу Убейде видео кайрылуусунда Израилдин блокадасында болгон Газа тилкесинде кармалган израилдик жана чет элдик туткундар тууралуу сөз кылды.

Газада кармоону каалабагандыктан, ар кайсы өлкөлөрдөн келген өтүнүчтөр менен колдорунда болгон чет элдик туткундардын бир бөлүгүн жакын арада бошотуп бере тургандыктарын ортомчуларга билдиргендерин айткан Абу Убейде: «Аларды Газада кармоонун кереги жок»,-деди.

Израилдин кургактык операциясы аркылуу бир аскерин куткарды деген билдирүүсүн да четке каккан Абу Убейде, «Израилдин Иззеддин Кассам кармаган туткунга жетиши мүмкүн эмес» экенин жана бул Газа тилкесиндеги башка топтор же жеке адамдар кармаган туткундардын бири болушу мүмкүн экенин айтты.

Абу Убейда: «Эгер (Премьер-министр) Беньямин Нетаньяху мактанып, бир айлык согуштан кийин 1 туткундун бошотулушун майрамдап жатса, Газада калган туткундарды ушул ыкма менен куткарышы үчүн 20 жыл керек»,-деп айтты.

Нетаньяхунун саясий келечегинин Газа тилкесинде кабыла турган жеңилүү менен аяктай турганын баса белгилеген Абу Убейде : «Бул баскынчы түзүмдүн акырынын башталышы болот»,-деди.

Израиль армиясы кургактыктан Газага кире баштаган күндөн бери Израилдин 22 аскердик унаасын жок кылгандарын белгилеген Абу Убейде Кассам бригадасынын мүчөлөрүнүн Израиль күчтөрү менен кагылышууга чыгып, аларды көп сандаган жоготууга учуратканын белгиледи.

Израиль армиясына каршы коргонуу кыймылдарынын уланып жатканын жана бул кыймылдардын башталышы гана экенин баса белгилеген Абу Убейде : «Газа тилкеси душмандар үчүн көрүстөн болот»,-деди.

Абу Убейде акыркы мезгилде Газа тилкесинде биринчи жолу колдонгон торпедо менен деңиздеги кээ бир буталарга чабуул койгондорун кошумчалады.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Кагылышуунун күчөп кетишинен улам эки тараптан тең миңдеген адамдар курман болушту.



Тектеш кабарлар