Газадагы өкмөт UNRWAны айыптады

Өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Селаме Маруф өткөргөн маалымат жыйынында, Израилдин 25 күндөн бери Газага жүргүзгөн согушунун кесепеттери тууралуу сөз кылды.

2058699
Газадагы өкмөт UNRWAны айыптады

Газадагы өкмөт, Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык Качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттигин (UNRWA) "Газанын түндүгүнө карата жоопкерчилигинен баш тартты" деп айыптады.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Селаме Маруф өткөргөн маалымат жыйынында, Израилдин 25 күндөн бери Газага жүргүзгөн согушунун кесепеттери тууралуу сөз кылып: «UNRWAнын шаардын түндүгүндөгү милдеттеринен баш тартышын жана иш-аракеттерин түштүк менен чектегенин эч нерсе актай албайт»,-деди.

Маруф, UNRWAнын Газага гумжардам ташыган унаалардын киришин атайылап акырындатып кечеңдеткенин жана Газа тилкеси менен анын түндүгүнө кирүүсүнө тоскоол болгонун кабарлады. 

«UNRWAнын башкы комиссары Филипп Лазаринин Газа тилкесине баскынчы күчтөрдүн уланып жаткан бомбалоосунун жана болуп көрбөгөндөй кыйроолордун деңгээлин билдиргенин» белгилеген Маруф, Лаззаринин билдирүүлөрүнүн болсо «баскынчылардын Газа элине каршы геноцид кылганынын эл аралык ырастоосу» деп айтты.

Газадагы окуялар менен Орусия-Украина согушундагы абалды салыштырган Маруф: «Орусия-Украина согушу башталгандан берки 1,5 жылда каза болгон украиналык жарандардын саны 9 миң, анын 500ү балдар, жалпы жарадарлардын саны 15 миң. Газада 25 күндө эле 8 миң 525 киши каза болду. Алардын 3 миң 542си балдар, 2 миң 187си аялдар жана жаш кыздар, жаракат алгандардын саны 21 миң 543. Мындан тышкары 2 миң адам дайынсыз болууда»,-деди.

Маруф Израилдин кол салууларынан улам Газанын бардык аймактарын жана тилкелерин камтыган зыяндын болсо 3 миллиард доллар экенин белгиледи.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын билдирген.



Тектеш кабарлар