Түркия - Палестина достук ооруканасы күйүүчү май тартыштыгынан улам иштебей калышы мүмкүн

Тарик Ясаревич Газадагы саламаттыкты сактоо системасынын күйүүчү майдын түгөнүшү,   жетишсиз каражат  жана миңдеген жаралуу,   кароого муктаж бейтаптардан улам  өзгөчө кысымга кабылганын баса белгиледи.

2058386
Түркия - Палестина достук ооруканасы күйүүчү май тартыштыгынан улам иштебей калышы мүмкүн

Газада онкологиялык бейтаптарды дарылаган  жалгыз оорукана болгон Түркия - Палестина достук ооруканасы күйүүчү май тартыштыгынан улам иштебей калышы мүмкүн.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун (ДССУ) басма сөз катчысы Тарик Ясаревич Газадагы саламаттыкты сактоо системасынын күйүүчү майдын түгөнүшү,   жетишсиз каражат  жана миңдеген жаралуу,   кароого муктаж бейтаптардан улам  өзгөчө кысымга кабылганын баса белгилеп, мүмкүн эмес шарттарда өз ишин аткарган медицина кызматкерлеринин  кайраттуулугун жогору баалаарын билдирди.

Газада 225 миң гипертония жана 52 миң диабет оорулуусу бар экенине көңүл бурган Ясаревич : «Газада  9 миң рак бейтабы бар жана жыл сайын 2 миң кишиге рак диагнозу коюлат. Түркия - Палестина достук ооруканасына  күйүүчү май берилбесе, рак  менен ооруган  бейтаптар саламаттыгынан ажырап калуу коркунучунда. Оорукана күйүүчү май маселесинен улам айрым кызматтардын баары бир көрсөтүлбөй турганын жарыялады",- деди. 

Газадагы 35 ооруканадан 12си жана негизги саламаттыкты сактоо кызматтарын көрсөткөн 72 клиникадан 46сы кагылышуулардан же күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам жабылгандыгын белгилеген  Ясаревич, 23 оорукананын толук кубаттуулукта кызмат кыла албаганын жана алардын орчундуу функцияларынын коркунучта экендигин айтты.

Ясаревич Газанын түштүгүндөгү хирургиялык мүмкүнчүлүгү бар 8 оорукананын жарым-жартылай кызмат көрсөтүүсүн улантканын айтып : "Көптөгөн жер которгон үй-бүлөлөрдү да кабыл алган 7 чоң оорукананын орточо орундук көрсөткүчү 119 пайызга жетти”,- деди.

Ясаревич бул аймакка медициналык  каражаттардын көбүрөөк жеткирилиши керектигин баса белгиледи.

Кечээ кечинде Израиль армиясы Газа тилкесиндеги  рак оорусун дарылаган жалгыз оорукана болгон Түркия - Палестина достук ооруканасына кол салшан.

 

 



Тектеш кабарлар