Батыш Сахарадагы БУУнун Тынчтык күчүнүн кызмат мөөнөтү узартылды

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Батыш Сахарадагы БУУнун тынчтык күчү миссиясынын кызмат мөөнөтүн  дагы 1 жылга уратуу чечимин чыгарды.

2058276
Батыш Сахарадагы БУУнун Тынчтык күчүнүн кызмат мөөнөтү узартылды

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Батыш Сахарадагы БУУнун тынчтык күчү миссиясынын кызмат мөөнөтүн  дагы 1 жылга узартуу чечимин чыгарды.

Марокконун MAP агенттигинин маалыматына караганда, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде талкууланган 2703 номердүү чечим 13 мамлекеттин макул добушу жана  2 калыс добушу менен кабыл алынды

Чечимдин негизинде MINURSOнун Батыш Сахарадагы кызмат мөөнөтүнүн  2024 -  жылы  31 -  окятрбга чейин узартылды.

Марокко 1975 - жылы Испаниянын мурдагы колониясы Батыш Сахараны аннексиялап алгандан кийин, Алжир колдогон көз карандысыздыкты жактаган Полисарио фронту менен Рабат администрациясынын ортосундагы тирешүү уланууда.

Марокко бул аймактын өз эгемендүүлүгүндө калышы керектигин жактап, Полисарио фронту Батыш Сахараны көз карандысыз мамлекет деп ырастоодо.

Полисарио фронту 1991 -  жылы БУУнун ортомчулугу менен түзүлгөн ок атышпоо келишимине чейин Марокко коопсуздук күчтөрүнө каршы куралдуу күрөш жүргүзүп жаткан.

Ок атышпоо келишиминен бери Батыш Сахаранын статусу тууралуу сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болгон жок.



Тектеш кабарлар