Жон Кирби Россиянын Украинадагы бөлүктөрүнүн согушка даяр эмес экендигин белгиледи

АКШ башкаруусу Россиянын Украинада буйруктарга баш ийбеген  аскерлерди "өлтүргөндүгүн" жана командирлердин Украинадагы фронт линияларынан чегинүүнү каалаган бөлүктөрдү өлтүрүү менен коркуткандыгын ортого салды.

2056781

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби Россиянын Украинадагы бөлүктөрүнүн “машыгуу жана жабдылышынын жетерсиз   жана согушка даяр эмес” экендигин  белгилеп, мунун да  бул “моралдык маанайдын түшүшүнө жана  буйруктарга каршылык көрсөтүүсүнө” себеп болгондугун билдирди.

Россиянын Украинада буйруктарга баш ийбеген аскерлерин "өлтүргөндүгүн" жана орус  командирлердин да  Украинадагы фронт линияларынан чегинүүнү каалаган бардык бөлүктөрдү өлтүрүү менен коркуткандыгын айткан Кирби  "буйруктарга баш ийүүнү каалабаган аскерлерди өлтүрүүнү ойлонууну н айыпталышы керек болгон абал экендигин" айтты. 

Жон Кирби "бардык бөлүктөрдү өлтүрүү менен коркутуу жапайычылык",- деди. 

Тектеш кабарлар