Кытайда мурдагы премьер - министр Ли Кицян 68 жашында жүрөк оорусунан каза болду

Мамлекеттик медиада орун алган кабарларга караганда кечээ Шанхай шаарында жүрөгү кармаган жана бардык кийлигишүүлөргө карабастан куткарыла албаган  Ли каза болду.

2056770
Кытайда мурдагы  премьер  - министр Ли Кицян 68 жашында жүрөк оорусунан каза болду

Кытайда 2013 -  2023 - жылдары премьер  - министрлик кызматты аткарган  Ли Кицян 68 жашында жүрөк оорусунан каза болду. 

Мамлекеттик медиада орун алган кабарларга караганда кечээ Шанхай шаарында жүрөгү кармаган жана бардык кийлигишүүлөргө карабастан куткарыла албаган  Ли каза болду.

2013 - 2023 - жылдары премьер  - министрлик кызматты аткарган Ли президент Си  Цзиньпин менен бирге акыркы 10 жылда Кытай саясатынын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири болду. 

Ли премьер  - министрлик кызматты аткраган мезгилде экономиканын күнүмдүк башкарылуусунан  жооптуу болуп, менчик сектордун колдоого талынышы, түзүмдүк реформаларды жана Ковид  - 19  эпидемия  мезгилиндеги чукул экономикалык чаралардын ишке ашырылышнда багыттоочу ролду аткарды.

Линин Кытайды тең салмактуу эмес экономикалык өсүүдөн улантууга боло турган өнүгүү меделине айланышына шарт түзүү үчүн финансылык тобокелдиктердин азайтылышына жана структуралык  реформалардү жүргүзүүгө багытталган  экономикалык экономикалык саясаттары «Линомика» деп аталды.

Пекин университетинде экономика боюнча билим алган Ли бир мезгил  Кытайдын Коммунисттик партиясынын лидердигин колго ала турган эң күчтүү талапкер катары көрүлгөн.

Ли 2020-жылы Кытайда 600 миллиондон ашык адамдын айына 140 доллардан аз тапканын айтып жакырчылык жана кирешелердин теңсиздиги боюнча кеңири талкууну баштады.

 

 



Тектеш кабарлар