БУУ: "Газада 3 миң бала каза болду"

Мансур, БУУнун Башкы ассамблеясындагы чукул сессияда сөз сүйлөдү.

2056763
БУУ: "Газада 3 миң бала каза болду"

Палестинанын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Рияд Мансур, Израилдин Газага жасаган кол салууларында ушул убакка чейин 3 миң бала жана 1700 аялдын каза болгонун айтты.

Мансур, БУУнун Башкы ассамблеясында «Израилдин басып алган Палестина жерлериндеги мыйзамсыз иш-аракеттерин» талкуулоо максатында уюштурулган атайын чукул сессияда сөз сүйлөдү.

Израилдин блокададагы Газа тилкесине кол салууларынын «мыкаачылык жана жапайычылык экенин, бул кылмыштын токтотулушу керектигин» баса белгилеген Мансур: «Израилдин Газага кол салууларында ушул убакка чейин 3 миң бала жана 1700 аял каза тапты. Урандардын астында 900ү бала 1600дөй палестиналык бар, алардын тагдыры белгисиз»,-деди.

Мансур Газада иштеген БУУнун кызматкерлери менен доктурлардын кызматтары үчүн оор кесепеттери болгонун белгилеп: «Газадагы ооруканалар өлүктөр сакталган муздаткычтарга айланды. Газада бардык жерде өлүм жана кыйроо бар, бир дагы коопсуз жер жок. Сыйынуучу жайлар жана UNRWA (Бириккен Улуттар Уюмунун палестиналык качкындарга жардам агенттиги) мектептери Израилдин бомбалоосуна туруштук бере алган жок», - деди.

Газада 18 миң кишинин жараланганын жана көпчүлүгүнүн оорукана коридорлорунда дарыланып жатканын белгилеген Мансур, Израилдин Газадагы үйлөрдүн 40 пайызын талкалаганын, 1 миллион 400 миң палестиналыктын да жер которууга аргасыз болгонун айтты.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган. Израиль армиясы да буга жооп катары согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын билдирген.

Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең миңдеген курмандыктар бар.



Тектеш кабарлар