Акса мечитинде жума намазын окугусу келген палестиналык жаштарга чектөөлөр уланды

Израиль башкаруусу, өткөн жумалардагыдай эле бул аптада да жума намазын окууну каалагандарга жаш чектөөсүн киргизди.

2056872
Акса мечитинде жума намазын окугусу келген палестиналык жаштарга чектөөлөр уланды

Израиль полициясынын көзөмөлүндөгү Чыгыш Кудустун Эски шаар аймагында жайгашкан Акса мечитинде жума намазын окугусу келген палестиналык жаштарга чектөөлөр бул аптада да улантылды.

Масжидуль-Аксанын айланасында чектөөлөрүн уланткан Израиль башкаруусу, өткөн жумалардагыдай эле бул аптада да жума намазын окууну каалагандарга жаш чектөөсүн киргизди.

Эски шаар аймагында темир тосмолор менен катуу коопсуздук чараларын көргөн Израиль күчтөрү, эртең мененки сааттардан бери палестиналык жаштардын Аксага киришине уруксат берген жок.

Аксага кирүүгө уруксат берилбеген көптөгөн палестиналык жаштар намаздарын Месжид-ул-Аксаны караган Рас ал-Амуд районундагы мечитте окушту. Израиль полициясы бул жерде да катуу коопсуздук чараларын көрдү.

Месжид-ул-Аксанын дарбазасында күтүп турган Израиль полициясы маал-маалы менен кийлигишип, жума намазын окугусу келген бирок кире албаган палестиналыктарга каршы күч колдонду.

Палестиналык «улгайган аялдар менен эркектердин» жума намазга акыркы эки жумага караганда көбүрөөк катышканы байкалды.

Исламий Фонддор Башкармалыгынын атын атагысы келбеген бир жооптуусу, Израилдин чектөөлөрүнөн улам бул аптада Аксада 5 миң гана палестиналыктын жума намазын окуй алганын айтты.



Тектеш кабарлар