Франция Газага оорукана кемесин жөнөттү

"Tonnerre"  аттуу оорукана кемеси кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00де Франциянын Тулон портунан Газага жөнөп кетти.

2056261
Франция Газага оорукана кемесин жөнөттү

Франция Израиль-Палестина кагылышууларынан улам гуманитардык кризис күчөгөн Газага оорукана кемесин жөнөттү.

BFMTV телеканалынын маалыматына караганда, "Tonnerre"  аттуу оорукана кемеси кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00да Франциянын Тулон портунан Газага жөнөп кетти.

Кеме Израилдин аба соккуларынан жаракат алгандарга жана күйүүчү май менен медициналык каражаттардын жетишсиздигине дуушар болгон Газадагы ооруканаларга колдоо көрсөтөт.

Көпчүлүгү аялдар жана балдар болгон 6 миңден ашуун киши каза тапкан Газада Израилдин суу, электр, азык-түлүк жана күйүүчү майга карата толук блокадасы уланууда.

Израилдин аба соккуларынын себебинен аймактагы кыйроолор күн санап өсүп, 2,3 миллион киши негизги азык-түлүккө жете албай жатат.



Тектеш кабарлар