Дүйнөдө жер которгондордун саны 4 миллионго көбөйдү

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы тарабынан 2009-2023-жылдар аралыгындагы маалыматтарды камтыган отчет жарыяланды.

2055780
Дүйнөдө жер которгондордун саны 4 миллионго көбөйдү

Июнь-сентябрь айларында дүйнө жүзү боюнча мажбурлап көчүрүлгөндөрдүн саны 4 миллионго өстү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы, дүйнө жүзү боюнча уланып жаткан согуш, зордук-зомбулук жана адам укуктарынын бузулушунан улам мажбурлап көчүрүлгөндөрдүн саны үстүбүздөгү жылдын июнь-сентябрь айларында 4 миллионго көбөйгөндүгүн билдирди.  

2009-2023-жылдар аралыгындагы маалыматтарды камтыган БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы тарабынан жарыяланган отчетто: «Согуш, куугунтук, зордук-зомбулук жана адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу дүйнө жүзү боюнча жер которгон адамдардын саны сентябрдын аягына чейин 114 миллиондон ашкан болушу мүмкүн» деп айтылды.

Отчетто үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында мажбурлап көчүрүүнүн негизги себептеринин арасында Украинада уланып жаткан согуш, Судан, Конго Демократиялык Республикасы жана Мьянмадагы кагылышуулар, Сомалидеги климаттык окуялар жана Ооганстандагы гуманитардык кризистин орун алганы белгиленди.

Мажбурлап көчүрүлгөндөрдүн жарымынан көбүнүн өз өлкөлөрүнүн чек араларынын ичинен экени баса белгиленген отчетто, июнь-сентябрь айларында дагы 4 миллион кишинин жер которгондугу маалымдалды.

Израиль менен Палестинанын ортосунда 7-октябрда башталган кагылышуулардан улам пайда болгон миграциянын отчетто камтылбаганы билдирилди.

Ошондой эле отчетто, аз жана орто кирешелүү өлкөлөр качкындардын жана эл аралык коргоого муктаж адамдардын 75 пайызын кабыл алганы белгиленди.

Отчетто көз караштары камтылган БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди: «Учурда дүйнөнүн көңүл чордону Газадагы гуманитардык апаатта. Бирок глобалдык масштабда чыр-чатактар ​​көбөйүүдө же күчөп баратат. Кагылышуулар ​​бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйып, жер которууга аргасыз кылууда», деди.

Эл аралык коомчулуктун жаңжалдарга чечим таба албаганы же жаңы конфликттердин алдын ала албаганы жер которууга жана азапка себеп болгонун айткан Гранди: «Кагылышууларды токтотуу үчүн чогуу иштешибиз керек. Качкындарга жана башка жер которгон адамдарга үйлөрүнө кайтууга же жашоосун кайра баштоого мүмкүнчүлүк беришибиз керек»,-деди.

Гранди өнөктөштөрү менен бирге качкындар үчүн чечимдерди издөөнү уланта тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар