Түндүк Кипр Түрк Кызылайынын Газага жардам кампаниясы

Түндүк Кипр Түрк Кызылайы Израилдин Газада жарандарды жана инфраструктураны бутага алган кол салуулардан улам "Газада адамзаттык өлбөсүн" деген ураан менен гуманитардык жардам кампаниясын баштады.

2055230
Түндүк Кипр Түрк Кызылайынын  Газага жардам кампаниясы

Түндүк Кипр Түрк Кызылайы Израилдин Газада жарандарды жана инфраструктураны бутага алган кол салуулардан улам "Газада адамзаттык өлбөсүн" деген ураан менен гуманитардык жардам кампаниясын баштады. 

Түндүк Кипр Түрк Кызылайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кампаниянын негизинде алына турган акчалай жардамдардын Газадагы жарандар үчүн гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн колдонула тургандыгын билдирилди. 

Билдирүүдө көз караштарына оурн берилген Түндүк Кипр Түрк Кызылайынын башчысы Сезаи Сезен : "Эң күчтүү берилгендик сезимине  ээ коомдордун арасында орун алган Кипр түрк калкынын дүйнөнүн көз алдында Газада болгон Израиль коркунучунун алдында үнсүз калышы мүмкүн эмес",- деди. 

Газада уланып жаткан  кол салууларга каршы алсыз болгон жана  секунд сайын өлүмгө дуушар болгон палестиналыктарга жардам колун сунууну чечкендерин баса белгилеген Сезен, бериле турган  бир тыйындык жардамдын палестиналык балдардын жана үй - бүлөлөрдүн негизги  муктаждыктарын камсыздай турганын белгиледи.

Билдирүүдө жарандардын жардамдарын Түндүк Кипр Түрк Кызылайынын башкы кеңсесине  бөлүмдөрүнө накталай акча менен же www.kktkizilayi.org веб-сайты же www.gonuldenbaglikte платформасы аркылуу онлайн  бере ала тургандыгы билдирилди. 

 

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары   7 - октябрда Израилге каршы "Акса топону" деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялады.

Газадан Израилге карай миңдеген ракета атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

Эки тараптан тең көп жоготуулар бар.

 



Тектеш кабарлар