Кытайда Коргоо министринин кызматтан алынгандыгы маалымдалды
Мамлекеттик телекөрсөтүү CCTVнын кабарына караганда Ли тууралуу чечим Кытайдын мыйзам чыгаруу органы Улуттук элдик конгресстин Борбордук Комитетинин Пекинде өткөргөн жыйынында чыгарылды.
Кытайда бир канча убакыттан бери коомчулуктун алдына чыкпагандыктан эл кызыккан Коргоо министри Ли Шанфунун кызматтан алынгандыгы маалымдалды.
Мамлекеттик телекөрсөтүү CCTVнын кабарына караганда Ли тууралуу чечим Кытайдын мыйзам чыгаруу органы Улуттук элдик конгресстин Борбордук Комитетинин Пекинде өткөргөн жыйынында чыгарылды.
Комитеттин мүчөлөрүн добуш берип Лини министрлик кызматтан алды.
Линин ордуна ким келери азырынча айтыла элек.
Жыйында Каржы министрлиги менен Илим жана технология министрлигине жаңы ысымдардын дайындалганы маалым болду.
Мурдагы министр Ли акыркы жолу 29 - августта Пекинде өткөн Кытай - Африка Тынчтык жана коопсуздук форумунда эл алдына чыккан.
Кытай министри 7 - 8 - сентябрда катышуусу керек болгон Кытай - Вьетнам Коргоо кызматташтыгы боюнча жылдык жыйыны министрдин ден соолугу негиз катары көрсөтүлүп, токтотулган.
Ли Кытай армиясынын башкаруу органы болгон, 7 кишиден турган Борбордук Аскердик Комиссиянын (БАК) 15 - сентябрдагы жыйынына катышпаган жалгыз мүчө болду.
Мурдагы министр 1 - октябрдагы Улуттук майрамдык салтанатка да катышкан жок.
Американын "Вашингтон Пост" гезити 15 - сентябрдагы кабарында Лиге каршы "аты аталбаган америкалык жетекчилерге" таянып Ли тууралуу "коррупциялык иликтөө" башталганын жана министрдин кызматтан алынганын билдирген.
Линин эл алдына чыкпашы жана өзү тууралуу айтылгандар июль айында Тышкы иштер министри Чин Гангдын дайынсыз жок болушу жана кызматтан алынышынан кийин келди.
Чин Ганг да 3 жума дайынсыз жок болгон жана бул убакытта мурунтадан пландалган эл аралык жыйындарга "ден соолугуна байланыштуу" деген негиз менен катышкан эмес жана 25 - июлда эч кандай негиз көрсөтүлбөстөн кызматтан алынган.
Мурдагы эки министрдин тең тагдыры азырынча белгисиз.