GCC-ASEAN биргелешкен саммити

Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда өткөрүлгөн GCC-ASEAN биргелешкен саммитине байланыштуу эки жыйынтыктоочу билдирүү жарыяланды.

2053778
GCC-ASEAN биргелешкен саммити
kik-asean.jpg
kik-asean.jpg

Перс булуңунун Кызматташтык Кеңеши (GCC) жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) өлкөлөрү Газа тилкесинде суу жана күйүүчү май сыяктуу кызматтарды калыбына келтирүүгө жана туруктуу ок атышпоого чакырышты.

Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда өткөрүлгөн GCC-ASEAN биргелешкен саммитине байланыштуу эки жыйынтыктоочу билдирүү жарыяланды.

"Жарандарга каршы ар кандай кол салуулар айыпталган" биринчи билдирүүдө, тараптардын ортосунда туруктуу ок атышпоо жана Газа тилкесине жардамдардын жеткирилиши чакырыгы салынды.

Билдирүүдө Газа тилкесинин бардык аймактарына "электр энергиясынын жана суунун кайрадан берилиши, күйүүчү май, азык-түлүк жана дары-дармектерди дароо жеткирүүгө уруксат берүү" чакырыгы айтылды.

Жарандардын өзгөчө аялдар, балдар, бейтаптар жана кары-картаңдардын шартсыз бошотулушу талап кылынган билдирүүдө, 1967-жылдагы чек араларга негизделген эки мамлекеттүү чечимге ылайык жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүнүн зарылдыгы баса белгиленди.

GCC курамына Сауд Арабия, Кувейт, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Оман жана Бахрейн кирет.

Азиянын алдыңкы экономикалык блокторунун бири АСЕАНдын негиздөөчү мүчөлөрү Индонезия, Малайзия, Таиланд, Филиппин жана Сингапур менен бирге Бруней, Вьетнам, Лаос, Камбоджа жана Мьянма турган жалпы 10 мүчөсү бар.



Тектеш кабарлар