Путин көз карандысыз Палестина мамлекетинин курулушун колдогондорун баса белгиледи
Владимир Путин Кытай сапарынын алкагында Израилдин Газа жана Украинадагы Аль - Ахли баптист ооруканасына кол салуусуна байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Россиянын президенти Владимир Путин Газадагы ооруканага карата кол салуунун тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн белги болушу керектигин белгилеп : "Трагедия, коркунучтуу бир окуя жана апаат. Жүздөгөн адам каза болуп, жүздөгөн адам жараланды",- деди.
Путин Кытай сапарынын алкагында Израилдин Газа жана Украинадагы Аль - Ахли баптист ооруканасына кол салуусуна байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Путин көз карандысыз Палестина мамлекетинин курулушун колдогондорун баса белгилеп : "Принциптүү бир мамилебиз бар жана мунун бүгүнкү кризис менен эч бир байланышы жок. Биз ар дайым борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, эгемендүү бир Палестина мамлекетинин түзүлүшүн жактадык",- деди.
Путин Газада көп сандаган киши каза болгон Палестинадагы Аль - Ахли баптис ооруканасына жасалган кол салууга токтолуп, буларды айтты : "Трагедия, коркунучтуу бир окуя жана кырсык. Гуманитардык мүнөздөгү жерде жүздөгөн адамдар жарадар болуп, жүздөгөн адамдар каза болду. Мунун бул кагылышууну тез арада токтотушубуз керектигине байланыштуу белги болот деп ойлойм. Тараптар жок дегенде жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү баштоолору керек".
Израилдин кечээ кечинде Газадагы Аль Ахли баптис ооруканасына жасаган кол салуусунда кеминде 500 палестиналык каза болгон.
Тектеш кабарлар
Нигерияда мечитке жасалган кол салууда каза болгондордун саны көбөйүүдө
Жарылууга байланыштуу жүргүзүлгөн териштирүүлөрдө 1 киши камакка алынды.
Айрым Европа Биримдиги өлкөлөрү Грузияга карата визасыз режимди жоюну каалап жатат
Европа Биримдиги Грузия жарандары үчүн виза мажбурдуулугун 2017 - жылы жойгон.