Али Бакири : "БУУ ишке ашырган баллистикалык ракета эмбаргосу бүгүн акырына чыкты"

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Бакыри X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө маселеге байланыштуу билдирүү жасады.

2052652
Али Бакири  : "БУУ ишке ашырган баллистикалык ракета эмбаргосу бүгүн акырына чыкты"

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Бакыри Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан өлкөсүнө киргизилген баллистикалык ракета эмбаргосунун бүгүнтөн тарта аяктагандыгын билдирди.

Бакыри X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө маселеге байланыштуу билдирүү жасады.

Министрдин орун басары Бакыри : "БУУ Коопсуздук Кеңешинин №2231 токтомунун алкагында Иранга киргизген адилетсиз эмбарго 18 - октябрдан тарта аяктайт. Иран мындан ары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагында эч кандай чектөөлөргө дуушар болбойт",- деди. 

Иран менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү АКШ, Кытай, Россия, Британия, Франция жана Германиянын ортосундагы Ирандын өзөктүк аракеттерине байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн  2015 - жылдын 14 - июлунда жетишилген макулдашуу менен аяктаган. 6 күндөн кийин бул келишим БУУнун Коопсуздук кеңешинин добушуна коюлуп, №2231 токтому менен кабыл алынган. 

Аты аталган жарлыкта Ирандын баллистикалык ракета аракеттерине карата бир катар санкцияларды камтыган. 

Санкциянын акырына чыгышы  Иранга баллистикалык ракета иштеринде инвентарын өнүктүрүү жана жаңылоо мүмкүнчүлүгүн берүүдө. 


 

 



Тектеш кабарлар