Микати өлкөсү менен Израилдин кагылышуусу эч кимге пайда алып келбесин айтты

Микатинин Израиль менен Ливан чек арасында күчөгөн чыңалууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсү Ливандын расмий агенттиги NNA тарабынан бөлүшүлдү.

2051620
Микати өлкөсү менен Израилдин кагылышуусу эч кимге пайда алып келбесин айтты

Ливандын премьер-министри Нажиб Микати Ливандын түштүгүнөн Израилге каршы фронт ачуу авантюрасы эч кимдин кызыкчылыгына туура келбейт деп билдирди.

Микатинин Израиль менен Ливан чек арасында күчөгөн чыңалууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсү Ливандын расмий агенттиги NNA тарабынан бөлүшүлдү.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Израиль чек арасындагы тынчсыздандырган окуялардын алдында анын өкмөтү «унчукпай жана кол байланып турбаганын» белгилеген Микати: «Өкмөт Ливандагы туруктуулукту сактоо жана Газадагы согуштун кесепеттерин болтурбоо үчүн ички жана тышкы (тиешелүү тараптар) менен дайыма байланышта»,-деп айтты.

Ливанда Палестина менен тилектештикте толук биримдик бар экенин билдирген Микати: «Ливандын түштүгүнөн (Израилге каршы) фронт ачуу авантюрасы эч кимге пайда алып келбейт. Анткени ливандыктардын аны көтөрүүгө күчү жетпейт»,-деп өз баасын берди.

Ливандын «башаламандыктын ортосунда» экенин жана аймактын жалпысынан оор процесстен өтүп жатканын белгилеген Микати, эч кимдин эмне болорун алдын ала айтуу мүмкүн эмес экенин, бирок Израилдин провокациялык чабуулдарын күчтөндүрүүгө аракет кылганы анык экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар