Израилдин Газага кол салуулары 10-күнүндө...

Израиль блокададагы Газага чабуулдарын күчөтүүдө.

2051200
Израилдин Газага кол салуулары 10-күнүндө...
gazze saldiri.jpg

Хамастын аскерий канаты Газадагы Иззеддин ал-Кассам бригадаларынын 7-октябрдын таңында Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулунан кийин палестиналык топтор менен Израилдин ортосундагы кагылышуу 10-күнүнө кирди.

Израиль блокададагы Газага чабуулдарын күчөтүүдө.

Израиль армиясы түнү бою Газа тилкесинин ар кайсы жерлерин абадан бомбалоону улантып, анда 2750 киши каза болуп, 10 миңге жакыны жараат алды.

Израилдин акыркы кол салууларында Газада дагы 80 кишинин каза болгону, 100 кишинин жараланганы белгиленди. Урандылардын астында дагы миңдеген адамдар бар.

Израилдик учактардын Газанын чыгышында жарандык коргонуу жана чукул жардам топторун бутага алышынын натыйжасында 5 медицина кызматкери каза болду.

Израилдик согуштук учактардын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус жана Рефах шаарларына кол салууларынан 11 палестиналык каза болду.

Палестинанын Журналисттер биримдиги да Израилдин Газага жасаган кол салууларында 11 журналисттин каза болгонун, 20дан ашуун басма сөз кызматкеринин жараланганын жана 2 кишинин дайынсыз жоголгонун билдирди.

Израиль күчтөрү өзгөчө Газадагы негизги жолдорго абадан сокку урууда.

Израиль 10 күндөн бери тамак-аш жана дары-дармек сыяктуу эч нерсенин өтүшүнө уруксат бербей жаткан Газада ооруканалар да коңгуроо кагууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык жардамдарды координациялоо кеңсеси Газа тилкесиндеги бардык ооруканалардагы күйүүчү май запастарынын эң көп 24 саатта түгөнө турганын жарыялады.

Билдирүүдө запастык трансформаторлордун токтоп калуусу миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканы баса белгиленди.

БУУнун Калк фонду Газа тилкесинде 50 миң кош бойлуу аялдын негизги медициналык кызматтардан ажыратылганын билдирди.

БУУнун Палестиналык качкындарга жардам агенттиги да Газада мектептерде жана аларга караштуу имараттарда жер которгон кеминде 400 миң кишинин бар экенин жарыялады.

Израиль армиясы Газадагы элден түштүккө кетүүнү талап кылды.

Тель-Авив башкаруусу 600 миң палестиналыктын алардын кайрылуусу менен аймактын түштүгүнө өткөнүн айтты.

Кассам бригадалары 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулду баштаганын жарыялаган.Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

Кагылышуунун күчөшүнөн улам эки тараптан тең миңдеген адамдардын өмүрү кыйылды.



Тектеш кабарлар