Европа өлкөлөрү Палестина менен тилектештик демонстрацияларына тыюу салууда

Ал эми Израилди колдогон демонстрацияларга эч кандай чектөөлөр жана тыюу салуулар киргизилген жок.

2049994
Европа өлкөлөрү Палестина менен тилектештик демонстрацияларына тыюу салууда

Израиль менен палестиналык топтордун ортосунда кагылышуулар уланып жатканда Израилди колдогон митингдерге эч кандай чектөөсүз уруксат берген Европа өлкөлөрү, Палестина менен тилектештик демонстрацияларына ар кандай тыюу салууларды киргизүүдө.

Францияда жана Германияда Палестина менен тилектештик демонстрацияларына «коомдук тартип жана коопсуздукка коркунуч туудурат» деген жүйө менен уруксат берилбей турганы, Нидерландияда Хамасты колдогон митингдерге бөгөт коюла турганы жарыяланды.

Нидерландиянын убактылуу өкмөтүнүн премьер-министри Марк Рютте, палестиналыктардын Нидерландияда демонстрацияга чыгууга укугу бар экенин, бирок антисемиттик риторика жана Хамасты колдогон билдирүүлөрдүн "кабыл алынгыс" экенин айтты.

Британиянын ички иштер министри Суэлла Браверман да өлкөдөгү кээ бир жагдайларда "Палестинанын желегин желбиретүүнүн мыйзамдуу болбой калышы мүмкүн экенин" билдирди.

Браверман, агрессивдүү түрдө Палестинанын гимндерин ырдоо жана символдорду булгалоо же жөөттөр көп жашаган аймакта конвой түзүүнү да камтый турганын айтты.

Ал эми Израилди колдогон демонстрацияларга эч кандай чектөөлөр жана тыюу салуулар киргизилген жок. Ал тургай өкмөт өкүлдөрү бул демонстрацияларга жеке катышуу менен колдоо көрсөтүүдө.

Европада Палестинаны колдогон бейөкмөт уюмдар жана укук коргоо уюмдары өкмөттөрдүн тыюу салуу чечимдерин «сөз жана демонстрация эркиндигине олуттуу кол салуу» катары сыпаттап, аны Палестинага каршы кысымдын күчөшү катары түшүндүрүүдө.



Тектеш кабарлар