Араб лигасы кезексиз чогулду

Араб лигасынын тышкы иштер министрлери Египеттин борбор шаары Каирде Израилдин блокададагы Газа тилкесине кол салууларын талкуулоо үчүн кезексиз жыйын өткөрүштү.

2050047
Араб лигасы кезексиз чогулду

Араб лигасынын жыйынында Палестина-Израиль кагылышуусунун чагылуулары жана шашылыш чара көрүүгө басым жасалды.

Араб лигасынын тышкы иштер министрлери Египеттин борбор шаары Каирде Израилдин блокададагы Газа тилкесине кол салууларын талкуулоо үчүн кезексиз жыйын өткөрүштү.

Марокконун тышкы иштер министри Насер Бурита жыйында сүйлөгөн сөзүндө: «Палестина аймактарындагы трагедиялуу абал Палестина-Израиль жаңжалын, аймактагы кесепеттери кандай болорун алдын ала айта албаган баскычка алып келиши мүмкүн. Акыркы күндөрдө аймактагы кандуу жана коркунучтуу окуялар менен зордук-зомбулук, абалдын буга чейин болуп көрбөгөндөй кырдаал экенин көрсөтүп турат»,-деди.

Кол салууларда жүздөгөн кишинин каза болгонуна, миңдеген кишинин жараланганына, миңдеген кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонуна көңүл бурган Бурита Газанын суу, тамак-аш жана күйүүчү майсыз калганын, мунун трагедиялуу абал экенин айтты.

Жарандарды бутага алуунун чоң тынчсызданууну жаратканын жана аймакта тынчтык мүмкүнчүлүгүн жок кылганын белгилеген Бурита, эл аралык гуманитардык укуктун алкагында палестиналыктарды коргоого чакырды.

Иорданиянын тышкы иштер министри Айман ал-Сафади да Газадагы “апааттын” чукул жана эффективдүү кийлигишүүнү талап кылганын айтты.

Иордания катары Газага карай кол салууларды токтотууга чакыргандарын жана бул ишке ашпаса аймактын зордук-зомбулуктун чырмоогуна тартыларын эскерткендерин кабарлаган Сафади, Газага суу, күйүүчү май, азык-түлүк менен гуманитардык жардамдардын жеткирилиши үчүн шашылыш кийлигишүү зарылдыгын билдирди.

Алжирдин тышкы иштер министри Ахмед Аттаф болсо, дүйнөдөгү эң адилеттүү маселе болгон Палестина маселесине карата эл аралык коомчулук тарабынан колдонулган кош стандарттардын ачыкка чыгышы керектигин белгиледи.

Аттаф Израилдин, Палестина калкынын алсыз экенин жана аларга таңуулангандарга багынып бергенин ойлоп жаңылыштык кылып жатканын айтты.



Тектеш кабарлар