Аргентинадагы токой өрттөрү

Өрт өчүрүү иштерине аскер кызматкерлери да колдоо көрсөтүшүүдө.

2049223
Аргентинадагы токой өрттөрү

Аргентинанын борбордук бөлүгүндө Кордоба шаарындагы тоолуу аймакта башталган токой өртү турак жайларга да жайылды.

Пунилла өрөөнүндө башталган өрт шаардын борборун көздөй уланып,   кээ бир үйлөр эвакуацияланды.

Өрт өчүрүү кызматынын  кийлигишүүсүнө карабастан  ыңгайсыз аба   ырайынан улам азырынча  өрттү  көзөмөлгө алуу мүмкүн болбой жатат.

Аймакка 8 өрт өчүрүүчү учак жана бир тик учак жөнөтүлдү.

Өрт өчүрүү иштерине аскер кызматкерлери да колдоо көрсөтүшүүдө.



Тектеш кабарлар