Сенегалда өкмөт таркатылды
Президенттиктин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө президент Саллдын өкмөттөгү милдетин 6 - октябрдан тарта токтоткону белгиленди.
2047500
Сенегалда президент Макки Салл 2024 - жылдын февралында боло турган президенттик шайлоонун алдында өкмөттү таркатты.
Президенттиктин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө президент Саллдын өкмөттөгү милдетин 6 - октябрдан тарта токтоткону белгиленди.
Билдирүүдө премьер - министр Амаду Банын бул кызматты уланта тургандыгы жана жаңы өкмөттү эң кыска мөөнөттө кура турганы белгиленди.
Президент Саллдын 2024 - жылдын 25 - февралында боло турган президенттик шайлоого жаңы кабинет менен кириши күтүлүүдө.
Алгач 2012 - жылы бийликке келип, 2019 - жылы кайра шайланган Салл кийинки шайлоолордо талапкер болбой тургандыгын жарыялаган.
Өкмөт коалициянын президенттикке талапкери премьер - министр Ба экендигин билдирген.