Тайванда болгон "Койну" тайфуну

Тайванга бүгүн жеткен "Койну" тайфуну себеп болгон катуу шамал жана жамгырдан улам 1 киши каза болуп, 304 жаракат алды.

2046760
Тайванда болгон "Койну" тайфуну

Тайванга бүгүн жеткен "Койну" тайфуну себеп болгон катуу шамал жана жамгырдан улам  1 киши каза болуп, 304  киши жаракат алды.

Тайвань Өрткө каршы кызматынын билдирүүсүнө караганда, Хенчун жарым аралында ылдамдыгы саатына 252 километрге жеткен «4-категориядагы» тайфун 1 киши каза болушуна жана 304 кишинин жаракат алышына себеп болду. 

Өлкөнүн түштүк - чыгышында жайгашкан 5 миң калктуу Оркиде аралында таасирдүү болгон тайфун унааларды кыйратып, порттогу балыкчы кайыктары сууга чөктү.

Тайвандын негизги авиакомпаниялары, UNI жана Mandarin Airlines, каттамдардын көбүнүн токтотулгандыгын билдирсе,  паром каттамдарынын да токтотулгандыгы маалымдалды. 

Тайвандын Транспорт министрлигинен жасалган билдирүүдө 46 учак каттамынын токтотулганы, бирок ылдам поезд каттамдарынын уланып жаткандыгы белгиленди.

Тайфундан жабыркаган шаарларда жумуш жана билим берүү 1 күнгө токтотулду.

Тайфундун таасиринин эртеңкиге чейин созулары, Кытайдын Гуандун провинциясын көздөй жылары жарыяланды.



Тектеш кабарлар