Трампка сөз эркиндигин чектөө жазасы берилди

Судья Артур Энгорон Трампты өзүнүн социалдык медиа платформасында сот кызматкерлери тууралуу жазганы үчүн сындап, «сөз эркиндигин чектөө» чечимин чыгарды.

2046202
Трампка сөз эркиндигин чектөө жазасы берилди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мурдагы президенти Дональд Трампка Нью-Йоркто уланып жаткан сотто «кыймылсыз мүлк тармагында көптөгөн адамдарды жана мекемелерди жылдар бою алдаган» деген айып менен «сөз эркиндигин чектөө жазасы» берилди.

Трамп Манхэттендеги штаттын Жогорку Сотундагы соттун экинчи күнүндөгү угууга катышты.

Судья Артур Энгорон Трампты өзүнүн социалдык медиа платформасында сот кызматкерлери тууралуу жазганы үчүн сындап, «сөз эркиндигин чектөө» чечимин чыгарды.

 Энгорон: «Сот кызматкерлеримдин кайсы бир мүчөсүнө жеке кол салуулар кабыл алынгыс, орунсуз жана мен аларга чыдап тура албайм»,- деп айтып ал бул чечимге каршы чыккандарга олуттуу санкцияларды салаарын эскертти.

Трамп социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө Энгорондун бир кызматкеринин Нью-Йорктун демократ сенатору Чак Шумердин сүйлөшкөн кызы экенин айтып: «Кандай уят. Бул козголгон ишти тез арада токтотуу керек»,-деп өз билдирүүлөрүн бөлүшкөн.

Декабрдын ортосуна чейин созулушу күтүлгөн сот жараянынын жыйынтыгында судья Энгорон Трамптын компанияларына канча айып пул салуу жана Нью-Йорк штатында бизнес жүргүзүү лицензиясынын жокко чыгарылышы же чыгарылбашы сыяктуу маселелерге чечим чыгарат.

Соттук териштирүүнүн жыйынтыгында абакка кесилиши күтүлбөйт.



Тектеш кабарлар