Суккот майрамында 2790 фанат жөөт Месжид-и Аксага кирип барды

Кудс Ислам фонддор башкармалыгы тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Суккоттун төртүнчү күнүндө эртең менен 506, түштөн кийин 283 болуп бардыгы  789 фанат жөөт Месжид-и Аксага басып киришкен.

2046056
Суккот майрамында 2790 фанат жөөт Месжид-и Аксага кирип барды

Сентябрь айынын аягында башталган жөөттөрдүн Суккот майрамында ушул убакка чейин 2790 фанат жөөт келгини Акса мечитине кирип барышты.

Кудс Ислам фонддор башкармалыгы тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Суккоттун төртүнчү күнүндө эртең менен 506, түштөн кийин 283 болуп бардыгы  789 фанат жөөт Месжид-и Аксага басып киришкен.

Ошентип 29-сентябрда башталган жана бир жумага созула турган Суккот айтында 2 миң 790 фанат жөөт келгини ушул убакка чейин Месжид-и Аксаны басып киришти.

Израиль полициясы рейддер учурунда Чыгыш Кудстун Эски шаарында темир тосмолор менен текшерүү пункттарын түздү.

Палестиналыктардын Месжид-и Аксага кирүүсүнө жаш чектөөсүн киргизген Израиль полициясы жөөт отурукташкандардын рейди учурунда палестиналык жаштардын Аксага киришине тоскоол болду.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, Израиль полициясынын коштоосунда Месжид-и Аксаны басып алган фанат жөөт отурукташкандары Аксанын короосунда диний ырым-жырымдарды өткөрүшкөн.

Жөөт отурукташкандары диний майрамдарда Акса мечитине кирип барууларын күчөтүүдө.



Тектеш кабарлар