Пакистан өлкөдө мыйзамсыз жашагандарга 1 - ноябрга чейин убакыт берди

Пакистандагы убактылуу өкмөттүн ички иштер министри Сарфараз Бугти өлкөдөгү чет элдиктерге байланыштуу маалымат берди.

2046190
Пакистан өлкөдө мыйзамсыз жашагандарга  1 -  ноябрга чейин убакыт берди

Пакистанда мыйзамсыз жашаган чет элдиктерге өлкөдөн чыгып кетүү үчүн  1 - ноябрга чейин убакыт берилди.

Пакистандагы убактылуу өкмөттүн ички иштер министри Сарфараз Бугти өлкөдөгү чет элдиктерге байланыштуу маалымат берди. 

Убактылуу өкмөттүн Пакистанда мыйзамсыз жашаган чет элдиктерге 1 - ноябрга чейин өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүүсүнө убакыт бергенин белгилеген Бугти, 1 - ноябрдан кийин бул алкакка кирген бардык чет элдиктердин депортациялана тургандыгын айтты.

Эң башкысы Пакистан калкынын коопсуздугу  экенин белгилеген Бугти январь айынан бери өлкө боюнча 24 жанкечтилик кол салуунун болгонун жана кол салгандардын арасында афган жарандарынын да бар экендигин белгиледи.

Бугти Пакистанда 1 миллион 730 миң афган жаранынын мыйзамдуу документи жок жашаганын жана өлкөдө 4,4 миллион афган жаранынын бар экендигин айтты. Чечим убактылуу өкмөттүн премьер - министри Анварул Хак Какардын жетекчилигинде өткөн жыйында кабыл алынды. Жыйынга кургактык күчтөрүнүн командири, генерал Асим Мунир, Пакистан армиясынын башчысы жана көптөгөн жогорку даражалуу жетекчилер катышты.

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын (UNHCR) Пакистан катчысы Кайсер Хан Африди болсо  Пакистанда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин өз ыктыяры менен өлкөсүнө кайтуусу жана эч кандай кысымга дуушар болбошу керектигин айтты.

Африди каттоодон өтпөгөн афганистандыктардын депортацияланышына байланыштуу тынчсыздандыруучу  кабарларды көргөндөрүнө белгилеп өкмөттөн бул темада ачыктыкты талап кылгандарын баса белгиледи.

 

Катчы  Африди эл аралык коргоого алынган афгандардын  депортацияланбашы үчүн механизмди ишке ашыруу үчүн Исламабад администрациясына чакыруу салды. 

 

 



Тектеш кабарлар