Кевин Маккарти өз партиясынын добушу менен спикерлик кызматтан алынды

АКШ тарыхында биринчи жолу Өкүлдөр парламентинин спикери өз партиясынын мүчөлөрүнүн добушу менен кызматтан бошотулду.

2046133
Кевин Маккарти өз партиясынын добушу менен спикерлик кызматтан алынды

АКШ тарыхында биринчи жолу Өкүлдөр парламентинин спикери өз партиясынын мүчөлөрүнүн добушу менен кызматтан бошотулду. 

АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккарти республикачылардын колдоосунун азайышы менен  парламенттеги добуш берүүдө кызматынан четтетилди.

Маккарти Американын тарыхында өз партиясынын мүчөлөрүнүн добушу менен кызматтан алынган биринчи спикер болду. 

Өкүлдөр палатасынын мүчөсү республикачыл Мэтт Гетцтин добушка койгон сунушу 210 «каршы» каршы 216 «макул» добушу менен кабыл алынды.

Демократтардан тышкары 8 республикачыл Маккартини кызматтан алуу үчүн "макул" деп добуш берди.

Маккарти ушундайча Өкүлдөр паламентинин спикери кызматынан четтетилди бирок өкүл катары ишин улантат.

АКШнын Өкүлдөр парламентинде  110 жылдан ашуун убакыттан бери парламент спикеринин кызматтан кетиши үчүн биринчи жолу добуш берилди. 

Өкүлдөр парламентиндеги республикачылдардын ичиндеги ашыкча оңчул бир группа менен Маккартинин ортосундагы тирешүү көп убакыттан бери болуп келе жаткан.

Бул группада болгон Флорида өкүлү, ревпубликачыл Гетц январь айында Маккартинин Өкүлдөр парламентинин спикери болушуна каршы чыккан. 

Гетц жана коштоосундагы группаны көндүрүү үчүн айрым  темаларда жеңилдиктерди жасоого аргасыз болгон Маккарти  15  жолу өткөрүлгөн добуш берүүдөн кийин спикер болуп шайланган. 

Маккартинин парламент спикери болушу үчүн аны колдобгон республикачылдарга берген жеңилдиктердин арасында  кызматтан алуу үчүн бир өкүлдүн сунушу берүүсүнүн жетиштүү болушу да орун алган. 

 

 



Тектеш кабарлар