БУУ Түркиянын колдоосу менен Сирияга алгачкы радиотерапия аппаратын жиберди

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA) бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

2045986
БУУ  Түркиянын колдоосу менен Сирияга алгачкы радиотерапия аппаратын жиберди

Бириккен Улуттар Уюму алгачкы радиотерапия аппаратын Түркиянын колдоосу менен Сириянын түндүк - батышына жибрилгендигин жарыялады.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA) бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди. 

Маалыматта мунун Сириянын түндүк - батышында рак оорусу үчүн "чоң" кадам экендиги белгиленип, аймакта радиотерапия сеанстары үчүн мүмкүнчүлүктүн жок экендиги, сириялык рак бейтаптарынын Түркияга жиберилгендиги эске салынды. 

"Сириянын түндүк - батышына алгачкы радиотерапия  аппараты жиберилди. Бул БУУнун өнөктөштөрү жана түрк өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашты",- деп билдирилген маалыматта аппараттын күндө  40 радиотерапия сеансын аткаруу мүмкүнчүлүгүнө  ээ экендиги билдирилди. 

Маалыматта аппараттын Африндеги эң чоң ооруканага жайгаштырылгандыгы жана курулуп бүткөндөн кийин аймактагы рак бейтаптарынын үчтөн бир бөлүгүнүн дарылана алары айтылды. 

Февраль айындагы жер титирөөдөн кийин аймактагы рак ооруларында өсүүнүн болгонуна көңүл бурулуп,  дагы көп жардамдын зарыл экендиги белгиленди. 

Маалыматта : "Түрк медициналык кызматкерлери, техниктер менен онкологдор   1 жыл аппараттын иштетилишине жардам берет жана сириялык медициналык кызматкрелерин окутат",- деп билдирилди.

 



Тектеш кабарлар