Нигерия армиясы Боко Харамга карата абадан операция жүргүздү

Нигерия армиясы өлкөнүн түндүк - чыгышында террордук уюм Боко Харамга карата  жүргүзгөн аба операциясында ондогон террористти жок кылды.

2045688
Нигерия армиясы Боко Харамга карата абадан операция жүргүздү

Нигерия армиясы өлкөнүн түндүк - чыгышында террордук уюм Боко Харамга карата  жүргүзгөн аба операциясында ондогон террористти жок кылды.

Нигерия Аба күчтөрүнүн (NAF) басма сөз катчысы Эдвард Габквет өлкөнүн түндүк - чыгышындагы Борно штатында Боко Харамга каршы абадан операция жүргүзүшкөнүн билдирди.

Габквет операция учурунда Боко Харам мүчөлөрү жайгашкан лагерлердин  жана ондогон террористтин жок кылынганын билдирди.

Нигерияда 2000 -  жылдардын башында чыккан Боко Харамдын  2009 -  жылдан бери  келе жаткан массалык зомбулук кыймылдарында  миңдеген киши каза болду. 

Уюм 2015 -  жылдан бери өлкөнүн чек ара коңшулары Камерун, Чад жана Нигерде да кол салууларды уюштурууда. 

 



Тектеш кабарлар