Карабахтагы мечитти армяндар мал короо катары колдонушкан

Антитеррордук операциядан кийин Азербайжандын көзөмөлүнө алынган Малибейли айылындагы мечиттин мал короо катары колдонулганы маалым болду.

2045487
Карабахтагы мечитти армяндар мал короо катары колдонушкан

Азербайжандын Карабах аймагындагы бир мечиттин армяндар тарабынан мал короо катары колдонулганы аныкталды.

Азербайжандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, антитеррордук операциядан кийин Азербайжандын көзөмөлүнө алынган Малибейли айылындагы мечиттин мал короо катары колдонулганы маалым болду.

Билдирүүдө мечиттин 1992-жылы армяндар тарабынан өрттөлүп, мунарасы талкаланып, калган бөлүгү басып алуу учурунда мал короо катары колдонулганы айтылды.

2-Карабах согушунан кийин (2020-ж) да аймактагы көптөгөн мечиттердин мал короо катары колдонулганы аныкталган.



Тектеш кабарлар